18.06.2018 12:02

Манас-Жаңы-Жер автожолунда  маршрутка менен жүк ташуучу унаа кагышты

Манас-Жаңы-Жер автожолунда  маршрутка  менен жүк ташуучу унаа кагышты

2018-жылдын 18-июнуна караган түнү болжол менен саат 03.40 тар чамасында, Манас-Жаңы-Жер автожолунда  маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа кагышты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Каттамдан тыш, түштүк тарапты көздөй  бара жаткан  «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унааны  23 жаштагы И.М. аттуу жаран башкарып бараткан. Ал эми түндүк тарапты көздөй келе жаткан жүк ташуучу «“Мерседес-Бенц» унаасынын рулунда  21 жаштагы Т.Р. аттуу жаран болгон.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары  келгиче, 23 жаштагы И.М алган жараатынан улам  көз жумган. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракаттары менен, 4-шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.  

Аталган жол кырсыгы боюнча материалдар чогултулуп, Сокулук райондук Ички иштер органынын тергөө кызматына берилди. Тергөө башталды.